Ажырашууга даярдала турган документтер

№42938 | 06.12.2018 | Просмотров: 765

Ажырашууга кандай документтер керек болот, мурунку аялым башка жакта, мен башка жакта турам, ал турмушка чыга элек, мен үйлөнгөм, ортодо эки бала бар, улуу балам менде, кичүү балам мурунку аялымда.

кантип тез арада ЗАГСты кыркктырса болот?

Подписаться
Уведомить о
3 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
07.12.2018 13:33

Саламатсызбы,

Сиздин юридикалык никеңизди бузуу сот аркылуу жүргүзүлөт. Мында, сиз сотко никени бузуу жөнүндө доо арыз менен кайрылуунуз зарыл. Доо арызга, нике күбөлүктүн түп нускасы (оригинал), жашаган жерден даректүү маалымат, өзүнүздүн паспортунуздун, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн нускалары, мамлекеттик алым (1000сом) төлөгөндүгүнүз тууралуу маалымат (квитанция), ж.б. иш кагаздар. Никени ажыратуу тууралуу доо арыз сотко келип түшкөндөн кийин кеминде бир ай өткөндөн кийин сот тарабынан жүргүзүлөт.

Кененирээк маалыматы алуу үчүн 0703805885, 0777805885 телефону аркылуу кайрылыныз.

Участник
07.12.2018 13:35

№ 42937 суроодо жооп берилген.

 

Участник
07.12.2018 13:42

Баштагы аялыныз башка жакта сиз башка жакта жашаганыңыз ажырашууга тоскоол болбойт, мында, никени ажыратуу жөнүндө доо арыз жоопкердин (аялыңыздын) жашаган жери боюнча берилет. Кененирээк маалымат алуу үчүн 0777 805885, 0703 805885 телефонуна кайрылыныз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке