Менин эки кызым бар, кичинеси росияда торолгон
№74899 | 22.06.2021 | Просмотров: 494
Салам,
менин эки кызым бар, кичинеси росияда торолгон куболугуну паспортумду кыргызтандан кечигип кнлгени учун туура эмес алынып калган мен паспортумду алып барганча балнитсада оздору куболук алган менин фамиляма отчествосун орусча кылып атыны да оздору койуп жазышкан ошону кыргызтандын куболугу кылып алайн туурулап легенмин ошону кандайча тууруласа болот
Жарандык аладын актыларын каттоо бөлүмүнө кайрылыныз, Сизде тактап түшүндүрүп берет.
Саламатсыналарбы, баланын туулган жонундо куболукту РФ алдыналарбы же КР ЗАГСдан же КР РФдагы консулдук болумундо алдыналарбы? 1) туулган жонундо куболукту РФ алсаныз, анда катасын онодогонго же атын озгорту боюнча РФ ЗАГСка кайрыласыз. 2) КР РФдагы консулду болмундо же КР ЗАГСнан баланын туулган жонундо куболугун алсаныз, анда КР РФдагы консулдук болумуно же КР ЗАГСына кайралсыз же катаны онодогонго кайрыласыз. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КР мыйзамы 2020-жылдын 1-августу № 110 httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/112094/10?cl=ky-kg&mode=tekst 34-берене. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга ондоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер 1. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга ондоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо жана кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш жок болгондо жүргүзүлөт. Кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш болгондо, жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. 2. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат: 1) аталыкты белгилөө жөнүндө арыз: а) баланын никеде турбаган атасынан жана энесинен; б) бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган атанын арызы, энеси каза болгондо же энеси энелик укуктан ажыратылганда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен; 2) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген аталыкты аныктоо жөнүндө чечими; 3) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген асырап алуу жөнүндө чечими; 4) фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу актыдагы жазуулар; 5) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими; 6) баланын атасы менен никеде турбаган энесинин баланын атасы жөнүндө маалыматтарды туулгандыгы тууралуу актыдагы жазууларга киргизүү, же болбосо аларды өзгөртүү же алып салуу жөнүндө арызы; 7) атасы же энеси (ата-энелери) атын өзгөрткөн учурда, он алты жашка чыккан адамдын… Подробнее »
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2003-жылдын 30-августу № 201 (КР 2004-жылдын 26-июлундагы № 96, 2005-жылдын 25-февралындагы № 38, 2005-жылдын 20-июнундагы № 80, 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2009-жылдын 17-июлундагы № 223, 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2011-жылдын 4-майындагы № 20, 2011-жылдын 26-июлундагы № 147, 2012-жылдын 15-мартындагы № 14, 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2014-жылдын 16-январындагы № 12 2014-жылдын 30-июнундагы № 100, 2015-жылдын 14-июлундагы № 161, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 179, 2017-жылдын 2-мартындагы № 41, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1327/220?cl=ky-kg&mode=tekst 63-статья. Баланын өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө болгон укугу 1. Бала өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө укуктуу. 2. Балага ысым ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) макулдугу менен берилет, атасынын ысымы атасынын аты болот, же улуттук каада-салтты эске алып ыйгарылат. Атасы атын өзгөрткөндө анын жашы жетпеген балдарынын атасынын аты да, ал эми бойго жеткен балдарынын аты — бул тууралу алар арыз бергенде өзгөртүлөт. 3. Баланын фамилиясы ата-энесинин фамилиясы менен аныкталат. Ата-энеси ар башка фамилияда болгондо ата-энесинин макулдугу боюнча атасынын же энесинин фамилиясы берилет. Кыргыздын улуттук салты боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн: — эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен, же аларды кошпостон баланын атасынын аты боюнча жазылат. Бул учурларда балага баланын атасынын аты берилбейт; — "тегин" деген сөздү кошуу менен чоң атасынын аты боюнча, мында эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөздү кошуу менен ата-энелеринин каалоосу боюнча баланын атасынын аты кошуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо, же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде… Подробнее »