Саламатсызбы! Ооба, уулуңуз 22 жашка толгондон кийин бир айлык аскердик жыйынга (мобилизациялык резервдин жыйындарына) бара алат.
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, 22 жаштан 40 жашка чейинки жарандар мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
2026-жылдагы тартип боюнча:
Аскердик жыйындын мөөнөтү — 30 күн.
Төлөмү — 50 000 сом.
Жыйын аяктагандан кийин жаран аскердик запаска киргизилет.
Уулуңуз университетти бүтүрүп, дипломун алгандан кийин да бара алат. Диплом алганы бул жыйындарга катышууга тоскоолдук кылбайт.
Ал үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариатына арыз берип, медициналык кароодон өтүшү керек.
Эгер уулуңуз 2027-жылдын апрелинде 22 жашка толсо, ошол күндөн кийин бир айлык аскердик жыйынга катышуу үчүн кайрыла алат. Катышуунун так мөөнөтүн жана шарттарын аскер комиссариатынан алдын ала тактап коюуну сунуштайм.
Ооба, уулуңуз 22 жашында альтернативдик кызматка да бара алат. Бирок альтернативдик кызмат менен бир айлык аскердик жыйын эки башка нерсе.
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык:
21-берене: 22 жаштан 40 жашка чейинки жарандар 30 күндүк мобилизациялык резервдин аскердик жыйындарынан өтө алышат.
32-берене: 18 жаштан 25 жашка чейинки жарандар мыйзамда каралган негиздер болгондо альтернативдик кызмат өтөй алышат.
Демек, уулуңуз университетти бүтүрүп, дипломун алгандан кийин 22 жашында бир айлык аскердик жыйынга катышууга арыз бере алат. Ал эми альтернативдик кызматка кабыл алуу үчүн мыйзамда белгиленген негиздер болушу керек.
Жашаган жери боюнча аскер комиссариатына кайрылып, медициналык кароодон өтүүсү зарыл.
Эгер максаты бир ай кызмат өтөп, аскердик билет алуу болсо, мобилизациялык резервдин 30 күндүк жыйындарын тандаганы туура.
Саламатсызбы!
Ооба, уулуңуз 22 жашка толгондон кийин бир айлык аскердик жыйынга (мобилизациялык резервдин жыйындарына) бара алат.
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, 22 жаштан 40 жашка чейинки жарандар мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
2026-жылдагы тартип боюнча:
Уулуңуз университетти бүтүрүп, дипломун алгандан кийин да бара алат. Диплом алганы бул жыйындарга катышууга тоскоолдук кылбайт.
Ал үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариатына арыз берип, медициналык кароодон өтүшү керек.
Эгер уулуңуз 2027-жылдын апрелинде 22 жашка толсо, ошол күндөн кийин бир айлык аскердик жыйынга катышуу үчүн кайрыла алат. Катышуунун так мөөнөтүн жана шарттарын аскер комиссариатынан алдын ала тактап коюуну сунуштайм.
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.