Мугалимдер телефондорду текшерип жатышат
#91097 | 10.03.2022 | Көрүүлөр: 1459
Мугалимдердин окуучулардын телефондорун текшерүүгө укугу барбы?
Бүгүн кээ бир класстардын телефондору жана бардык чаттар текшерилди. Алардын укугу барбы?
Саламатсызбы!
Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген принциптерге ылайык:
Ар бир адам жеке турмуштун кол тийбестигине, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого укуктуу.
Ар бир адам кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.
Башкача айтканда, бул текшерүү мыйзамсыз жана Кыргыз Республикасынын жаранынын укугун бузат.