Аскерге жоолукчан кыздар кабыл алынабы?
#72159 | 05.04.2021 | Көрүүлөр: 1369
Аскерде кызмат кылгым келчү. АКШ армиясы жоолукчан кыздар аскер кызматына кабыл алынат деген жарлыкты буга чейин кабыл алган.
Биздин өлкөдө да кабыл алышабы же жокпу?
Саламатсыздарбы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат өтөөнү каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик формасын, айырмалоочу белгилерин жана жабдууларын кийүүүнүн бирдиктүү эрежелерине ылайык http://cbd.minjust. gov.kg/act/view/ru -ru/69038 аскер кызматкерлеринин жоолук салынышы каралган эмес.
Урматтоо менен, Муратбек Азимбаев тел.: +996700987794; +996776987794 WhatsApp, Telegram
Саламатсызбы!
АКШда кандай экенин билбейм, бирок Кыргыз Республикасы светтик мамлекет болгондуктан, сизди бийликке же куралдуу күчтөргө жумушуңуз же кызматыңыз үчүн кабыл алышыңыз күмөн.
Урматтоо менен, А.Сыдыков.
Байланыш маалыматтары: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.