Кыргыз Республикасынын паспорту
#115691 | 09.02.2025 | Көрүүлөр: 398
Салам! Мен Кыргызстанда төрөлгөм, Россиянын паспорту бар, 16 жашымда Кыргызстандын паспортун алган эмесмин, азыр 22 жаштамын.
Мен азыр кыргыз паспортун алсам болобу, бар болсо бул үчүн кандай документтер керек?
Салам! Так жооп алуу үчүн туулган жериңиз жана жашаган жериңизди тактоо керек, бирок, эгер сиз Кыргызстанда төрөлсөңүз, анда кыргыз паспортун алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Бул үчүн, документтердин белгилүү бир пакетин чогултуу керек болот. Керек болушу мүмкүн болгон негизги документтер:
Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу үчүн документтердин тизмеси:
1. Россия Федерациясынын жаранынын паспорту (түп нускасы + нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө – 2 нуска).
2. Кыргыз Республикасында катталган туулгандыгы тууралуу күбөлүк (талап кылынат).
3. Нике күбөлүгү же ажырашуу жөнүндө күбөлүк (бар болсо, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү – 2 нуска).
4. Жубайынын жарандыкты өзгөртүүгө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (арыз берүүчү никеде болсо).
5. Жакын тууганынын - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (түп нускасы жана көчүрмөсү).
6. Кыргызстандан жана Россия Федерациясынан соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
7. Мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция (3000 сом).
8. Электрондук сүрөт (паспорт столунда гана тартылган).
9. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын жарандыкты өзгөртүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн).
10. Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык номери (ПИН).
11. Жашаган жери боюнча каттоо карточкасы.
12. Документ папкасы.
Ватсапка +(996) 550 46 67 51 жазсаныздар болот.
юрист Купешев Сталбек Бекбоевич.
Сиз чакыруу курагындагы адамсыз жана аскер билетин тапшырышыңыз керек же аскер комиссариатынан медициналык кароодон өтүңүз.