Дипломдо ката кетип, туулган күнү туура эмес жазылыптыр
#70227 | 06.01.2021 | Көрүүлөр: 1674
2017-жылы дипломумду алгам, бирок туулган ай туура эмес жазылыптыр, жараксыз деп эсептелеби?
Же муну менен иштешсе болобу?
2017-жылы дипломумду алгам, бирок туулган ай туура эмес жазылыптыр, жараксыз деп эсептелеби?
Же муну менен иштешсе болобу?
Саламатсызбы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Билими жөнүндө мамлекеттик документтерди даярдоонун, төлөөнүн, сактоонун, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык http://cbd.minjust.gov.kg/96041/edition/12022. жоголгон дипломдор жөнүндө жогорку окуу жайдын же кесиптик окуу жайдын көрсөтүүсү боюнча, анда жоготуунун жагдайлары, маселе боюнча Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими жана берилген дипломдун сериялык номери камтылууга тийиш. Бутуруучунун арызынын негизинде дубликат берүү жөнүндө ЖОЖдон же кесиптик окуу жайдан алынган буйруктун көчүрмөсү, жоголгон жана табылган кеңседен (жашаган жери боюнча райондук милиция бөлүмүнөн) маалымкат жана номерин көрсөтүү менен жоголгон дипломдун жараксыздыгы жөнүндө гезитке жарыя тиркелүүгө тийиш. Дипломдун дубликаты ушул Жободо каралган жазууларды камтууга тийиш. 27. Дипломдун дубликаты бир гана жолу берилет; башка учурларда академиялык транскрипт берилет. Атын (фамилиясын, атасынын атын) өзгөрткөн адамдар билими жөнүндө болгон мамлекеттик документтерин жаңы аталыштагы мамлекеттик документтин дубликатына алмаштыра алышат. Алмашуу билим берүү мекемеси тарабынан атын (фамилиясын, атасынын атын) өзгөртүүнү ырастоочу арыздын жана документтердин негизинде жүргүзүлөт. Окуу жайынын буйругун чыгаруу үчүн негиз жана дубликатты берүү жөнүндө буйрук абитуриенттин өздүк ишинде сакталат. Мурунку аты (фамилиясы, атасынын аты) жазылган документтер билим берүү мекемеси тарабынан конфискацияланат жана белгиленген тартипте жок кылынат. 28. Билим берүү мекемеси жоюлган учурда Министрликтин буйругу менен арыз берүүчү тарабынан берилген зарыл документтердин жана архивдик маалыматтардын негизинде абитуриенттин окуу жайын бүтүргөндүгүнүн фактысын жана анын билиминин мазмунун ырастаган документтин дубликаты берилет. Билим берүү мекемеси кайра уюштурулган учурда дубликатты берүү учурундагы окуу жайдын аталышы дубликаттын өкүлчүлүк бөлүгүндө, ал эми тиркемеде мурда иштеген окуу жайынын аталышы көрсөтүлөт. 29. Эгерде академиялык транскрипт жоголсо, белгиленген тартипте берилгенди каттоо менен жаңы академиялык транскрипт таризделет. 30. Документтин дубликатында "Диплом" деген сөздүн астындагы рубрикада "дубликат" деген сөз басылат («дипломдун тиркемеси», «академиялык транскрипт»). 31. Документтин дубликаты... Көбүрөөк маалымат »
Саламатсызбы!
Бул жагдайлардан улам сиздин дипломуңуз менен көйгөйлөр болушу мүмкүн. Жогорку окуу жайга кайрылып, дипломго тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү же жаңысын берүүнү суранганыңыз жакшы. Келечекте бул карама-каршылыкты жоюу үчүн бул маселени сот аркылуу чечүүгө туура келиши мүмкүн.
Урматтоо менен, А.Сыдыков
Байланыш маалыматтары: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.