Мүлктү каттоо, аялынын макулдугу

№ 4530 | 06.10.2015 | Көрүүлөр: 960

Мен батир сатып алдым жана аны өз атыма жазайын дедим, мамлекеттик реестр аялымдан макулдук сурады.

Мен өзүмдүн акчама сатып алып, өз атыма каттатам десем анын эмне тиешеси бар?

жазылуу
Fr
1 жооп
Эски
Новые Популярдуу
Интертексттик обзорлор
Бардык жоопторду көрүү
юрист
06.10.2015 19: 39

Салам! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 36-беренесинин талаптарына ылайык жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жубайлардын өз ара макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат. Жубайлардын жалпы мүлкүн тескөө жөнүндө жубайлардын бири түзгөн бүтүм сот тарабынан башка жубайдын макулдугу жок деген негизде анын арызы боюнча гана жана бүтүмдүн экинчи тарабы бул бүтүмдү түзүүгө экинчи тараптын макул эместиги жөнүндө билгендиги же билүүгө тийиш экендиги далилденген учурларда гана жараксыз деп табылышы мүмкүн. Жубайлардын бири кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүмдү жана мыйзамда белгиленген тартипте нотариалдык жактан күбөлөндүрүүнү жана (же) каттоону талап кылган бүтүмдү жүзөгө ашыруу үчүн, бүтүмдү түзүүдө жана каттоодо анын катышуусун кошпогондо, башка жубайдын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун алуу зарыл. Көрсөтүлгөн бүтүмдү жасоого нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун албаган жубай аталган бүтүмдүн жасалгандыгы жөнүндө билген же билиши керек болгон күндөн тартып үч жылдын ичинде бүтүмдү сотто жараксыз деп таанууну талап кылууга укуктуу. Ошентип, башка жубайынын макулдугусуз кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн, жубайыңыздын макулдугу талап кылынат. Урматтоо менен, А.... Көбүрөөк маалымат »

Сол жактагы тиешелүү белгини басуу менен жоопторду баалоону унутпаңыз (жакты/жакты)!