Автоунааларды транзиттик номерлери менен каттоо
#36928 | 19.06.2025 | Көрүүлөр: 6813
Мен техникалык паспортумду жоготуп алдым, көпкө издөөдөн кийин унаанын ээсин таптым, ал Бишкектен каттоодон чыгарылып, транзиттик номурлары берилген.
транзиттик номурлары менен канча убакыт айдасам болот жана транзиттик номур берилген адамсыз, нотариалдык жактан тастыкталган документтерди жөнөтсө, унаамды Ысык-Көл облусуна каттата аламбы жана бул үчүн кандай документтер керек?
Саламатсызбы!
Транзиттик номерлерге ээлик кылууну каттоо жана унааны каттоодон чыгаруу жетишсиз. Унааны сиздин атыңызга кайра каттатуусу үчүн же унаа ээсинин өзүнүн катышуусу зарыл, же андан ажыратуу укугуна ишеним кат (башкы ишеним кат) алуу зарыл. Ал эми транзиттик номерлер бир айга гана жарактуу.
Урматтоо менен, А.Сыдыков.
Байланыш маалыматтары: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.