Россия Федерациясынын жаранынан алынган салык

Россия Федерациясынын жараны Кыргызстанда дарыгер болуп иштейт. Социалдык фондго төгүмдөрдү төлөшү керекпи?

Келишим менен жумушка орношкондо бир жылдан кийин маянабыздан кармалып калган акчаны кайра бериш керек дешти. Социалдык фондго кайрылдык, акча сурасак Россия Федерациясы пенсия төлөбөйт деп коркутушту.


Юрист жооп берет Расулжан Тахиржанович Исакжанов

Кутман күн, эч ким сизге эч нерсе кайтарып бербейт, анткени сизде мындай укук жок. Жумуш берүүчү катары сиз ар бир кызматкер, анын ичинде чет элдик кызматкерлер үчүн Социалдык фондго төгүмдөрдү төлөөгө жана алардын эмгек акысынан киреше салыгын кармап калууга милдеттүүсүз. Сизге орусиялык пенсия алууга укук берген иш тажрыйбаңыздын далилине келсек, Социалдык фонд туура айтат. Ийгилик жана чың ден соолук.

Жаңыртылды: 15.10.2023