Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ажырашууга болобу?
#108753 | 19.01.2024 | Көрүүлөр: 1734
Күйөөсү менен аялы Кыргыз Республикасынын жарандары, жашы жете элек 3 баласы Кыргыз Республикасынын жарандары. Алар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашап жана иштешет.
Суроо: Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ажырашууга болобу?
спасибо
Юрист жооп берет
Каныметова Айдай
Салам! Экөө тең Кыргыз Республикасынын жараны болгондуктан, ажырашуу Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сот тартибинде жүргүзүлүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, сиз келбей туруп эле ишеним кат бере аласыз жана сиздин өкүлүңүз сотко ажырашуу боюнча доо арыз менен кайрылып, сиздин таламыңызды коргой алат.
Толук маалымат алуу учун томонку номерге кайрылсаныздар болот.
Урматтоо менен, Идай
+ 996 702 68 19 49 (whatsapp)
Жаңыланган: 20.01.2024