Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна кантип даттанса болот
#98001 | 25.07.2022 | Көрүүлөр: 1806
28-февраль күнү жол кырсыгына кабылып, денем жаракат алып, баш мээнин жеңил чайкалган деген диагнозу менен стационарда дарыландым. Кырсыктан кийин 25-күнү кайра текшерүүдөн өтүп, баш мээсинин травматикалык жаракатынын калдыктары жана баш мээсинин жеңил контузиясы болгон. Бир ай жумушка чыга албай койдум.
Ден соолугу боюнча бардык документтер Бишкекке комиссиялык экспертизага жөнөтүлдү. Үч айдан кийин корутунду чыкты: менин диагнозум анча оор эмес болсо да, ден-соолукка бир аз зыян.
Жалган корутундуга кайрылып, экинчи комиссия түзсө болобу?
Жообуңуз үчүн алдын ала рахмат.
Саламатсызбы!
Аймактык медициналык комиссиянын корутундусу боюнча республикалык инстанцияга даттанууга укугуңуз бар Медициналык-социалдык экспертиза борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.
Урматтоо менен,
Borenius юридикалык фирмасынын юристи – Жусупказиев Али.