Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы арбитраждык соту кайсы жана ал кайда жайгашкан?
#8560 | 05.03.2022 | Көрүүлөр: 3926
Бул келишим боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда алар Бишкек шаарынын арбитраждык сотунда каралууга тийиш экендиги биздин келишимде көрсөтүлгөн.
Айткылачы бул кандай сот жана Кыргыз Республикасынын кайсы жеринде жайгашкан?
Сиз (келишимдин тараптары) Кыргыз Республикасында “Арбитраждык сот” деген сот жок болгондуктан, келишимдин аталган маанилүү пунктун келишимге өзүнчө кошумча түрүндө тактап беришиңиз керек. Адатта, келишимде “Талаш-тартыш жаралган учурда тараптар аны тараптардын ортосунда чечүү үчүн бардык чараларды көрөт, ал эми чечилбесе, талаш-тартыш сот аркылуу чечилет” деген пунктту камтыйт.
Талаш-тартыш болгон учурда, бул жалпы юрисдикциядагы сот болот - бардыгы ишке катышкан тараптардын уюштуруу-укуктук формасына жана талаштын предметине жараша болот. Иш Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасында арбитраждык сотто каралышы үчүн келишимде бул үчүн атайын пункт камтылууга тийиш.
Урматтоо менен,
юрист
Т.Умралиев
т. 0 772 82 94 54
почта: umraliev@mail.ru