Тема: Нике жок экендиги тууралуу күбөлүк

№ 119301
01.04.2026

Саламатсызбы, биз учурда Германиядабыз, мага никеде тура электиги тууралуу күбөлүк керек. Аны кантип онлайн алсам болот же мен сөзсүз түрдө Кыргызстанда болушум керекпи? Бул күбөлүктү алуу үчүн канча убакыт талап кылынат? Рахмат.

№ 119221
26.03.2026

Жолдошум экөөбүз Кыргызстандын жараныбыз жана Казакстанда жашоого уруксат менен жашайбыз. Биз никебизди каттаткыбыз келет. Бизге Кыргызстан тараптан каттоодон өтпөгөнүбүз тууралуу маалымкат керек. Бул маалымкатты кайдан алсам болот?

№ 89432
26.01.2025

Никеге жарамдуулугу тууралуу күбөлүктү ким бериши керек – Россиянын КРдагы элчилигиби же биздин КР жарандык абалдын актыларын каттоо кызматыбы? Мен Кыргыз Республикасынын жаранымын, ал эми болочок жолдошум Россиянын жараны, ага турмушка чыгуусу керек.

№ 106358
06.10.2023

Кутман күнүңүз менен! Үй-бүлөлүк абалы жөнүндө маалымкат кандай болот? Аны кайдан алсам болот? Мен учурда ажырашып кеткенмин. Анда мурда үйлөнгөнүм көрсөтүлөбү? Жана үйлөнгөн күнүм көрсөтүлөбү?