Тема: Аткезчилик

№ 101135
19.12.2022

Менде Казакстан Республикасынан келген күйүүчү-майлоочу майлар боюнча суроо бар. Мага белгилүү болгондой, Казакстан Республикасынан күйүүчү-майлоочу майларды сатуунун баары биздин өлкөдө мыйзамдуу эмес (жаңылсам оңдоп коюңуз), бирок баары ачык эле сатышат. Суроо, сатуучулардын аракеттери канчалык мыйзамдуу? Анан ушинтип сатууга болобу?