46-берене. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
9-глава Шайлоо эркиндигинин кепилдиктери
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 46-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат.
2. Талапкерди каттоо төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
1) ушул конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 6-бөлүгүндө жана 61-беренесинин 14-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;
2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер же саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын иш жүзүндөгү суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;
3) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулганда;
4) талапкердин мамлекеттик кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы адамдар, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери менен аларды шайлоо алдындагы үгүт ишине катыштырбастан жана иш убактысынан тышкары жолугушууларын кошпогондо, талапкер, анын өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги тууралуу ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинде каралган талаптар бузулганда;
5) талапкердин, саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын кызматкерлеринин же алардын өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешеси болгон фактылар ырасталганда;
6) талапкердин, саясий партиянын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алууну, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларды жасаган же ага тиешеси болгон фактылар ырасталганда;
7) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде.
3. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.
Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен кийинки шайланган талапкер катталат.
5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.
6. Шайлоо өнөктүктүгүнүн жүрүшүндө алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары же үгүтчүлөрү тарабынан жасалган бузуулар үчүн, эгерде ошол бузууларга талапкердин өзүнүн түздөн-түз тиешеси далилденбесе, талапкерлер жоопкерчилик тартпайт. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу анын билип туруп, макулдугу же тикелей көрсөтмөсү менен жасалган, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүн бузуусун ырастаган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүнүн негизинде гана мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2025-жылдын 28-июлундагы № 161, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)