Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

5-глава Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Талапкерлер, саясий партиялар басма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басма жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

Талапкерлер, саясий партиялар жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес саны майыптыгы бар шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.

2. Бардык басылма жана үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, аты-жөнүн), үгүт материалдарын даярдоого табыштама берген талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, саясий партиянын аталышын, алардын чыгарылган нускасы жана датасы жөнүндө маалыматты, аларды жасоого тиешелүү шайлоо фондунан акы төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле талапкердин же талапкердин, саясий партиянын табыштамага акы төлөгөн финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтуусу тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын тара-тууга тыюу салынат.

Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөбөстөн жана ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен шайлоо алдындагы үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүүгө жана жабдууга милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек. Мындай жайлар шайлоочулардын келүүсүнө ыңгайлуу болуп, шайлоочулар аларга жайгаштырылган маалыматтар менен тааныша ала тургандай жерде болуусу керек. Катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерине шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянттар берилүүгө тийиш. Бөлүнгөн орундун аянты аларда шайлоо комиссиясынын маалыматтык материалдарын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болушу керек. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү округдук аймактык шайлоо комиссиясынан шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлердин тизмесин алууга укуктуу.

4. Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларын жана дөбөлөрүн, башка табигый дөңсөөлөрдү кандай болбосун түрдө пайдаланууга жол берилбейт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.

6. Жалган жасалма үгүт материалдары же ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоочу жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.

7. (КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар радио боюнча жүзөгө ашырылуучу шайлоо алдындагы үгүткө жайылтылбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)