Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

5-глава Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларды кабарландырууну, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт жана жарандардын эркин аң-сезимдүү жана эркин билдирүүлөрүнө жана шайлоонун айкын өтүшүнө өбөлгө түзөт.

2. Шайлоочуларды кабарландырууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар, ушул конституциялык Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарды өз убагында жана так кабарландыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

Шайлоо комиссиялары майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл болгон атайын чараларды көрөт.

Бул үчүн маалымат материалдары майыптыгы бар шайлоочулар үчүн сурдокотормону же субтатрди колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалууга, окуу үчүн ыңгайлуу болгон, чоңойтулган арип менен басылып чыгууга, ошондой эле Брайль арибин же башка атайын каражаттарды пайдалануу менен даярдалууга тийиш.

21. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмеси менен таанышып чыгуу, өздөрүнүн маалыматтарын шайлоочулардын тизмесинен тактоо зарылчылыгы жөнүндө шайлоочуларга жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жеткиликтүү жолдор аркылуу маалымдоого милдеттүү. Мамлекеттик телерадио уюмдары, республикалык бюджеттен каржылануучу башка телерадио уюмдар жана санариптик берүүнүн социалдык пакетине кирген телерадио уюмдары шайлоочуларды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнүн зарылчылыгы жөнүндө, добуш берүүгө катышуунун тартиби жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоо өнөктүгүнүн этаптары жана шайлоо процессинин башка маселелери тууралуу маалымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жетиштүү көлөмдө акысыз эфир убактысын берүүгө милдеттүү.

Шайлоочуларды көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы финансылык отчеттору жөнүндө маалымдоону Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.

22. Талапкер талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен, өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кеминде бир республикалык мезгилдүү басылмага жарыялайт. Басылманын көчүрмөсү талапкердин шайлоо алдындагы жарыяланган программасы менен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек.

Маалыматтык теле жана радио программаларда, мезгилдүү басылмалардагы (менчигинин түрүнө карабастан) жарыялоолордо катталган талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтар, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы иш-чараларды өткөрүүсү жөнүндө билдирүүлөр өзүнчө маалыматтык блок катары, комментарийсиз берилүүгө тийиш. Мындай маалыматтык блокторго талапкерлер, финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, саясий партиялар акы төлөбөйт. Аларда кайсыл бир талапкерге же саясий партияга артыкчылык берилбөөгө тийиш, кайсыл бир талапкерди же саясий партияны, мунун ичинде анын шайлоо алдындагы ишин чагылдыруу убактысы, мындай билдирүүлөр үчүн берилген эфир убактысынын же басылма аянтынын көлөмү боюнча кодулоого жол берилбөөгө тийиш.

4. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды кабарландыруунун бир түрү болуп саналат. Пикир сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялоо ушул берененин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

5. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда, көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, жарандар жана уюмдар пикир сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, анын жүргүзүлгөн убагын, сурамжылангандардын санын (иргелген), маалыматты чогултуу усулун, сурамжылоо жүргүзүлгөн аймакты, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү, сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты көрсөтүүгө милдеттүү.

6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.

7. Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарынын сактабоо мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөө деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө мамлекет тарабынан ушул конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин үгүт жүргүзүү камсыз кылынат.

9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн, ар кандай талапкерлерди жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.

Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылма аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.

10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:

1) тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү;

3) талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

11. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.

12. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.

13. Шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

2) концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу;

3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

4) ушул конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.

14. Талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин таризин жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.

15. Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз.

151. 18 жашка толо элек адамдарга үгүт жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жана чыгарууга тыюу салынат. Талапкер үгүт материалдарында өзүнүн каалаган жаш курагындагы жеке сүрөттөрүн жана видеожазууларын пайдаланууга укуктуу. Талапкер шайлоо алдындагы чогулуштарда жана шайлоочулар менен жолугушууларда 18 жашка толо элек адамдардын болгондугу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.

17. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары же интернет-басылманын ээлери жана бир эле убакта талапкерлер же болбосо алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ушул жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында талапкерлер акысыз обо убактысын пайдаланганда, ушул конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинде каралган тартипте үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.

18. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

19. Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары талапкерлерге, саясий партияларга келишимдик негизде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын талапкерлерге, саясий-партияларга берүүнүн тартиби жөнүндө нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянттарын берүүгө укуктуу.

Обо убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмада жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.

20. Шайлоо өткөрүүдө берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш. Берилген маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнүн расмий сайтында, жалпы маалымдоо үчүн шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 25 календарлык күндөн кечиктирбестен жарыяланат.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 5-февралындагы № 11, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)