Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

1-глава Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 2-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же анын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык шайлоо укуктарына ээ болот.

Шайлоо мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу, тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында добуш беришет.

3. Аялдарга эркектер менен бирдей Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу укугун ишке ашыруунун тең мүмкүнчүлүктөрү камсыз кылынат.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)