15-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, так эместиктерди оңдоо.
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
3-глава Шайлоочулардын тизмелери
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 15-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашап жаткан шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 70 календардык күндүн ичинде илүүгө милдеттүү.
2. Шайлоочу шайлоочулардын алдын апа тизмесинде кандай болбосун катаны же так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок болгон учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлошуудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. Мында шайлоочу жеке жана биометрикалык маалыматтары (манжаларынын издери жана (же) бетинин геометриясы) боюнча идентификациялоодон өтөт.
Арыз автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администраторуна аны тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн келип түшөт.
Шайлоочунун арызына жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан "шайлоочунун кабинетинде" электрондук билдирүү формасында жөнөтүлөт.
3. КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочулар жөнүндө актуалдашкан маалыматты камтыган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзөт жана участкалык шайлоо комиссияларына жиберет.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө чейин 30 календардык күн калганда шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүүгө милдеттүү.
Контролдук тизмеде тиешелүү участок боюнча тизмелерге киргизилген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле шайлоо участогунун номеринен башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.
5. Шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда токтотулат. Арыздарды иштеп чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт. Мында шайлоочулардын контролдук жана биротоло тизмелери Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар менен милдеттүү түрдө салыштырылууга жана актуалдаштырылууга тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда жабдуу комплекттерин даярдоо үчүн шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берет.
Шайлоочулардын биротоло тизмесин алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан биометрикалык маалымат базасы бар шайлоочулардын тизмесин жүктөө менен шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуунун сервердик комплекттерин даярдоо боюнча иштер жүргүзүлөт жана жабдуу комплекттерин шайлоо участокторуна жеткирүү үчүн шайлоо күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда номерленген, көктөлгөн, Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмелерин эки нускада басып чыгарат жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Мында илүү үчүн арналган, ар бир шайлоо участогу боюнча биротоло тизменин кагаз жүзүндөгү нускасы биротоло тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндө маалыматты камтыбашы керек. Шайлоочулардын биротоло тизмелеринде камтылган жеке маалыматтары бар маалыматтарды берүү, көчүрүү, жарыялоо жолу менен ачыкка чыгаруу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын биротоло тизмесинин кагаздагы экинчи нускасын шайлоо участогуна илүүгө милдеттүү.
Шайлоочулардын илинген биротоло тизмелерин шайлоочу же байкоочу тарабынан фото-, көрмө тартууларга чектөө коюлбайт.
6. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.
7. Шайлоочулардын тизмелерин актуалдаштырууну Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү аркылуу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат.
Өз ара аракеттенүү мыйзамдарда бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да жүзөгө ашырылат.
Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, таанышып чыгуу, шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, каталар же так эместиктер жөнүндө шайлоочулардын арыздарын карап чыгуу, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана шайлоочулардын мамлекеттик порталындагы маалыматтарды салыштырып текшерүү жана синхрондоштуруу жөнүндө маселелер боюнча, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)