Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

2-глава Шайлоо комиссиялары жана шайлоо округу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13-1-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участоктору түзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү жана добуштарын эсептөөнү уюштуруу үчүн шайлоо участоктору аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүн.

3. Шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө, эреже катары, ар бир участокто 4000ден ашпаган шайлоочу эсебинде түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тартиптин негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо участокторунун тизмеги жана алардын чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча аларды түзүү үчүн каралган тартипте такталууга тийиш.

Шайлоочулардын санына тийиштүү ушул бөлүктүн биринчи абзацынын жобосу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участокторун түзүүдө колдонулбашы мүмкүн.

Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бир аймакта жашаган же жүргөн шайлоочулардын саны ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жана аккредитациялоочу өлкөнүн компетенттүү органдарынын макулдугу боюнча бир жайда эки же андан ашык шайлоо участогу түзүлүшү мүмкүн.

4. Жарандардын шайлоо укуктарын, анын ичинде убактылуу жүргөн жерлеринде добуш берүү укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.

Кошумча шайлоо участоктору шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде гана түзүлөт жана иштейт. Аларды түзүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

- эгерде көп сандагы шайлоочулар ошол аймакта убактылуу турса жана добуш берген жерде туруктуу жашаган жери жок болсо;

- эгерде жакынкы шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе.

5. Аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын иштеп чыгат.

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, аларды чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участоктору жөнүндө маалымат, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана жүргөн өлкөдө аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайтында жайгаштырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)