Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

1-глава Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10-1-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставдарында белгиленген тартипте, шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жана өздөрүнүн коомдук байкоочуларын жиберүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктары ушул коомдук байкоочу кызыкчылыктарын билдирүүчү коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен ырасталган жазуу жүзүндөгү жолдомодо аныкталууга тийиш. Жолдомодо коомдук байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, анын жашаган жеринин дареги, байкоочу жиберилген шайлоо участогунун номуру, комиссиянын аталышы көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жоктугу тууралуу жазуу кылынат. Жолдомо коомдук байкоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөткөндө жарактуу болот.

Шайлоого байкоону жүзөгө ашырууга ниеттенген коммерциялык эмес уюм, коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тиркөө менен, Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссиясына билдирме жөнөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого жарандык мониторинг жүргүзүү ниетин жарыялаган коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтөт.

3. Коомдук байкоочулар ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди көрсөткөндө, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан катталат. Шайлоо комиссияларынын алдында коомдук байкоочуларды каттоонун шарттары жана тартиби, каттоо жөнүндө документтин формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

Коммерциялык эмес уюм ар бир шайлоо комиссиясында үчтөн ашпаган коомдук байкоочуну каттата апат. Ошол эле учурда бир шайлоо участогунда бир эле убакта бир коммерциялык эмес уюмдан бир гана коомдук байкоочу боло алат.

4. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкердин, талапкерди киргизген саясий партиянын өкүлдөрү жана байкоочулары, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп дайындала алышпайт.

5. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.

6. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

2) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен, тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;

6) добуш берүү күнүндө добуш берүү үчүн жайда сутканын кандай болбосун убагында болууга;

7) шайлоочулардын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүсүндө катышууга;

8) көпчүлүккө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өз пикирин баяндоого, шайлоонун даярдалышы жана өткөрүлүшү жөнүндө билдирүү жасоого;

9) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнү уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендерин берүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө кандай болбосун толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун жана башка шайлоо документтеринин түзүлүүсүнө байкоо жүргүзүүгө;

10) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал болбогон учурда - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;

11) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

12) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

13) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;

14) шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү аны шайлоо комиссиясына жөнөткөн уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө;

15) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон жеке өзү фото-, көрмө тартууга, укма жазууну жүргүзүүгө;

16) ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен, ал катталган шайлоо участокторунда эркин жүрүүгө жана болууга.

7. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;

2) шайлоо бюллетендерин алууда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга;

3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;

5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;

6) шайлоо комиссиясынын ишине жолтоо болгон аракеттерди жасоого;

7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;

8) тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимдерди кабыл алуусуна катышууга.

8. Коомдук байкоочулар өз статусун шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.

9. Коомдук байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы коомдук байкоочунун каттоосун жокко чыгарууга укуктуу.

(КР 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)