Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

1-глава Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 1-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкү терминдер пайдаланылат:

үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

жарандардын жигердүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;

жакын туугандары - жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;

жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;

мамлекеттик портал - шайлоо участоктору, райондор, шаарлар жана бүтүндөй республика боюнча электрондук форматтагы, мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн жана актуалдашкан шайлоочулардын тизмелери жөнүндө маалыматты камтыган, жарандардын шайлоолорго жана референдумдарга катышуусу тууралуу маалымат киргизилген, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген идентификация жана аутентификация боюнча талаптарды сактоодо шайлоочуларга өздөрүнүн маалыматтарына тактоосуна жана өзгөртүүсүнө мүмкүндүк берген мамлекеттик органдын интернет-сайты;

шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - мыйзамдарда белгиленген Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери;

мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн ишмилдетин жүзөгө ашыруучу же мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, көзөмөлдөө-көзөмөлгө алуу ишмилдеттерин аткаруучу адам;

катталган талапкер - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция), ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарга туура келген жана шайлоо аркылуу Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат ордун ээлөөгө талапкер катары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) катталган адам;

шайлоочулар - жигердүү шайлоо укугуна ээ, Кыргыз Республикасынын жарандары;

майыптыгы бар шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары;

шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациялоодон өткөнү жөнүндө чектер, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчёттор, автоматтык эсептөөчү урнанын нөлдүк жана жыйынтык отчеттору, шайлоо комиссияларынын протоколдору, электрондук протоколдор, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлердин, саясий партиялардын каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;

шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар;

шайлоо мыйзамдары - Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;

жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда, шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүү, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышуу укугу;

шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүт;

шайлоочуларга маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, шайлоо участоктору, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана таркатуу боюнча иш; талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (партиялар), алардын программалары жөнүндө, кайсыл бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (партияларга) артыкчылык бербеген жана тигил же бул талапкер, саясий партия үчүн же болбосо аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган расмий маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши;

маалыматтык материал - шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, шайлоо участоктору, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө маалыматтарды камтыган басылма, көрмө-укма жана башка материалдар; шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар), алардын программалары жөнүндө, кайсыл бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык бербеген жана тигил же бул талапкер, саясий партия үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган расмий маалымат;

(Он тогузунчу абзацы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

талапкер - ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлануу аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адам;

шайлоочулардын контролдук тизмеси - шайлоочулар тууралуу жана добуш берүү күнүнө чейинки 35 календардык күндө, шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилинде келип түшкөн шайлоочулардын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр жөнүндө актуалдашкан маалыматты камтыган жана мамлекеттик порталда жарыялануучу, добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда шайлоо участогуна илинүүчү шайлоочулардын тизмеси;

эл аралык байкоочу - мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам;

байкоочу - талапкер тарабынан, мыйзамда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам;

принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ) - бюллетендерди басып чыгаруу функциясы бар, шайлоочуларды алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоого арналган түзүлүш;

коомдук байкоочу - мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, шайлоонун жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюму (мындан ары - коммерциялык эмес уюм) тарабынан дайындалган адам;

шайлоочулардын биротоло тизмеси - шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилинде алардын арыздарынын негизинде бардык өзгөртүүлөр киргизилген, мамлекеттик порталда жарыялануучу жана добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда шайлоо участокторуна илинүүчү шайлоочулардын такталган тизмеси;

жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу;

туруктуу жашаган жер - калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жашаган жеринин дарегин каттоо, же болбосо жарандын паспортуна каттоо белгисин коюу менен тастыкталган, жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери;

укук коргоо органдары - ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдары, бажы кызматы;

шайлоочулардын алдын ала тизмеси - жарандар өздөрүнүн маалыматтарын тактоо үчүн мамлекеттик порталда жарыялануучу жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан илинүүчү, добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калгандагы абалы боюнча шайлоочулардын тизмеси;

шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери;

талапкердин өкүлү - шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам, талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын атынан чыгуучу байкоочу;

диний ишмер - дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний уюмдун атынан, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу диний ишти жүзөгө ашыруучу адам;

талапкердин соттуулугу жөнүндө маалыматтар - эгерде талапкер колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде кылмыш деп таанылган жосундары үчүн тиешелүү мыйзам актыларына ылайык соттолгон болсо, талапкердин соттолуусуна негиз берген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесин (беренелерин) көрсөтүү менен, талапкердин кайсыл бир учурда соттолгондугу же соттуулугунун жоктугу жөнүндө болгон же бар маалыматтар;

(абзац КР 2021-жылдын 26-августундагы № 103 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

шайлоочулардын тизмеси - Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү, даяр болуу деңгээлине жана арналышына жараша алдын ала, контролдук жана биротоло бүткөн болуп бөлүнүүчү, добуш берүү күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;

(абзац КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

талапкердин катар номери - талапкерлердин тизмесинде талапкерге ыйгарылган цифра;

оператор - участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү же болбосо Борбордук шайлоо комиссиясы ишке тарткан, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо боюнча же добуш берүү күнү шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урнаны тейлөө боюнча техникалык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуучу адам;

автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык саноого арналган түзүлүш;

туруктуу орнотулган үкөк - добуш берүү үчүн тунук урна;

добуш берүү үчүн үкөктөр - автоматтык эсептөөчү урналар же туруктуу орнотулган үкөктөр;

добуш берүү үчүн көчмө үкөк - шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган үкөк;

бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштүн убактылуу ишке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу;

интернет - маалыматты сактоо жана берүү үчүн глобалдык (бүткүл дүйнөлүк) компьютердик тарам (бириккен компьютердик тарамдардын тутуму);

интернет-басылма - эгерде интернет-басылмага кирүүчүлөрдүн саны суткасына 500 уникалдуу кирүүчүдөн же айына 1000 уникалдуу кирүүчүдөн ашса, социалдык тарамдардагы интернет-блогдордон жана жеке адамдардын персоналдык барактарынан тышкары, жаңылыктык, маалыматтык-талдоочулук, көңүл ачуучулук жана башкача мүнөздөгү материалдарды камтыган, Кыргыз Республикасында администрацияланган (модернизацияланган) же Кыргыз Республикасынын жарандары жана (же) юридикалык жактары ээлик кылуучулары болуп саналган, интернет тарамына кирүүчүлөрдүн эркин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген интернет сайт (портал, форум);

уникалдуу кирүүчү же уникалдуу IP-дареги бар кирүүчү - уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ жана интернет-басылмага белгилүү бир убакыттын аралыгынын ичинде кирип турган, кайталангыс пайдалануучу;

көп мандаттуу шайлоо округу - Жогорку Кеңештин үч депутаты шайлануучу шайлоо округу;

бирдиктүү республикалык шайлоо округу - Президентти шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын өзүнө камтыган шайлоо округу;

жергиликтүү жамааттын мүчөсү - көп мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун тибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.

онлайн идентификациялоо - добуш берүү күнү катталган жерине карабастан, шайлоочуну анын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо;

оффлайн идентификациялоо - катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүү күнү болгон шайлоочуну анын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо;

аралыктан добуш берүү - шайлоочунун катталган жерине карабастан, шайлоо участогунда электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенин жана электрондук тутумда добуш берүү маалыматтарынын автоматтык жыйнагын пайдалануу менен добуш берүү;

электрондук добуш берүү - электрондук шайлоо бюллетенин жана электрондук тутумдагы добуш берүүнүн маалыматтарынын автоматтык жыйындысын пайдалануу менен шайлоо участогунан тышкары добуш берүү;

электрондук шайлоо бюллетени - аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө колдонулуучу, программалык-техникалык каражаттар менен электрондук түрдө даярдалган бюллетень.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)