Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

Жалпыга бирдей аскердик милдеттин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка укуктук нормативдик актылары, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар эсептелет.