34-берене. Ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө
04.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
19.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.
1. Ченемдик укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын контролдоону аларды кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жүргүзөт.
2. Ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей түрдө аткарылышын көзөмөлдөөнү өздөрүнүн компетенциясынын чегинде прокуратура органдары жүргүзөт.
(КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)