31-1-берене. Жаңы коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

19.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

5-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.

1. Жаңы коомдук мамилелердин иштешин апробациялоо максатында Президент бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук мамилелерди убактылуу жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.

2. Убактылуу укуктук жөнгө салуу оң жагынан ишке ашырылганда ченем жаратуучу субъекттер тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынышы мүмкүн. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоонун жана аларды жылдыруунун тартиби ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)