3-берене. Ченем жаратуу иш-аракетинин принциптери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

19.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.

Ченем жаратуу иш-аракети төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:

жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;

мыйзамдуулук;

негиздүүлүк;

максатка ылайыктуулук;

адилеттүүлүк;

айкындуулук;

ченемдик укуктук актынын тилинин жеткиликтүүлүгү.

(КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)