27-берене. Ченемдик укуктук актыларды каттоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

19.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

4-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.

1. Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар катталууга жатат.

2. Каттоону төмөнкүлөр жүргүзөт:

конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун - Президенттин Администрациясы;

Жогорку Кеңештин токтомдорун - Жогорку Кеңештин Аппараты;

(абзац КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомдорун - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;

Улуттук банктын токтомдорун - Улуттук банк;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын аппараттары.

берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды - ченем жаратуучу ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

(КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караныз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2013-жылдын 28-ноябры №12-р