25-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемесине карата негизги талаптар
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.
Ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана маселелер;
ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талданышы, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар;
кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу;
коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалымат;
ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы;
эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон, тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары;
аны финансылоо булактарынын болушу.
жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон учурда, анын натыйжалары жөнүндө маалымат.
(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35, 2019-жылдын 8-августундагы № 115, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)