23-берене. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

19.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

4-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.

1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо мөөнөтү он беш календардык күндөн кем эмес убакытты түзөт.

2. Коомдук талкуулоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча иш-чаралар уюштурулган учурда, коомдук талкуулоонун мөөнөтү он календардык күнгө чейин кыскартылышы мүмкүн.

3. Коомдук талкуулоонун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат.

(КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)