21-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун макулдашуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору аларды Президентке, Министрлер Кабинетине киргизүүдөн мурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) менен, мамлекеттин кирешелерин азайтууну же чыгымдарын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен, ишкердик субъекттеринин иш-аракетин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча - ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен, эгерде ченемдик укуктук актылардын ченемдери алардын компетенцияларына тийиштүү болсо - башка мамлекеттик органдар менен, жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 115, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)