24-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
3-глава. Лицензиялоо жүргүзүүнүн тартиби
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренеси, 02.07.2026 редакциясы.
1. Лицензия алуучу ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналбаган, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү тууралуу лицензия берүүчүгө кабарлоого милдеттүү.
2. Кабарлоо өзгөрүүлөр пайда болгондон кийин көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен (текшерүү үчүн алардын түп нускаларын берүү менен) бирге он жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө берилет.
3. Лицензия берүүчү кабарлоо келип түшкөн датадан тартып үч жумушчу күндүн ичинде реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.