14-берене. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренеси, 02.07.2026 редакциясы.
1. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер:
1) лицензия берүүчү;
2) лицензия алуучу (менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак);
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ушул Мыйзамга ылайык лицензиялоо жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар.
2. Лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензия берүүчүнүн борбордук органдары же аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.
Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар башкаруунун борбордук органында гана лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)