28-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ

Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.

1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

- айдоочунун күбөлүгүнүн жарактуулугу белгиленген мөөнөтүнөн өтүшү;

- айдоочунун транспорт каражаттарын коопсуз башкаруусуна жолтоо болуучу, медициналык корутунду менен тастыкталган ден соолугунун начарлашы;

- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими.

2. Жоопкерчилик чарасы катары транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылышына же мындай укукту чектөөгө алып келген укук бузуулардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)