26-1-статья. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү уюмдарга (автомектептерге) коюлуучу талаптар
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ
Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-1-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.
1. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү уюм (автомектеп) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензияга ээ болууга милдеттүү, ошондой эле алар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- айдоонун теориясын жана практикасын үйрөтүүчү уюмдун кызматкерлеринде (инструкторлорунда) үч жылдан кем эмес айдоо стажынын болушуна;
- айдоонун көндүмдөрүн үйрөтүүчү керектүү сандагы жана оң абалдагы видеобайкоо жабдуулары менен жабдылган автомобиль транспортунун (менчик же ижаралык негиздеги) болушуна;
- айдоонун теориялык көндүмдөрү текшериле турган менчик же ижаралык негиздеги иш абалындагы компьютердик техниканын болушуна;
- окуу үчүн жеке же ижарага алынган видеобайкоо каражаттары менен жабдылган имараттын (окуу жайы, класстар), ошондой эле автоаянтчанын (автомобиль транспортун айдоонун практикалык көндүмдөрүн текшерүү үчүн жерлер) болушуна.
2. Автомектеп Жол кыймылынын эрежелерине окугандардын билимдеринин баалары чагылдырылган каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү. Каттоо журналын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Ушул журналдан көчүрмөдөн жана зарыл болгон учурда теориялык жана практикалык окуулар өткөрүлгөн жайлардан видеобайкоо жазуулары транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди кабыл алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)