20-статья. Жолдо жүрүүнү уюштуруу боюнча иш чаралар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ

Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.

1. Жол кыймылын уюштуруу боюнча иш-чаралар аткаруучу бийликтин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан, эгерде автомобиль жолдору алардын карамагында болсо, жол жүрүү коопсуздугун бекемдөө жана жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көтөрүү максатында ишке ашырылат.

2. Аталган иш чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү жагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген тартипте бекитилүүчү долбоор, чийме жана башка документтердин негизинде ишке ашырылат.