1-статья. Ушул Мыйзамдын милдеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.

Ушул Мыйзамдын милдеттери катары граждандардын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн сактоо, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын залалдарын төмөндөтүү аркылуу коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.