97-статья. Санация жүргүзүүнүн тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

8-ГЛАВА САНАЦИЯ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 97-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Сот карыз тараптын, кредитордун жана гаранттын ортосундагы санация жөнүндө маселени караганга чейин макулдашуу түзүлөт, анда санация жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары көрсөтүлөт.

2. Санация жүргүзүүнүн убагында сот санация жөнүндө макулдашуунун шарттарын сактоо үчүн убактылуу администраторду дайындайт. Убактылуу администраторго сый акы карыз тараптын каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

3. (КР 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Санация мезгилинде карыз тараптын карызын төлөп берүү жана анын активдерине камак салуу боюнча соттук же башка чечимдерди аткарууга багытталган бардык аракеттер токтотулат. Милдеттенмелер боюнча процент жана неустойка (үстөк төлөм, айып акы) эсептөө санация мезгилинде улантылышы мүмкүн, бирок аларды бул мезгил аяктагандан кийин гана талап кылып алууга болот.

5. Сотко санация жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берүү же соттун убактылуу администраторду дайындоо же санация жүргүзүү жөнүндө чечими ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын укугуна таасир тийгизбейт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)