64-статья. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктарынын токтотулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

3-ГЛАВА УБАКТЫЛУУ АДМИНИСТРАТОР

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

Убактылуу администратор дайындалгандан кийин карыз тарапты банкрот деп таануудан жана иш боюнча өндүрүштү токтотуудан баш тартуу жөнүндө сот чечим кабыл алган учурда, сот убактылуу администраторду кызматтан бошотуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн аныктама чыгарат.

Мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып карыз тарапты башкаруу боюнча ыйгарым укук анын жетекчилери менен катышуучуларына өтөт.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)