6-статья. Санация процедурасынын негизги жоболору
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
Санация:
1) юридикалык жакка карата колдонулат;
2) кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо жана ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде алардын талаптарын толук төлөө үчүн атайын кепилдиктердин болушун карайт;
3) эгерде санация ийгиликтүү өтүп, карыз тарап төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирсе, анда ал өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүн уланта алат;
4) эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, катышуучуларын алмаштыруу жагын карабайт.