27-9-статья. Кредиторлордун талаптарын бириктирүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

1-ГЛАВА ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-9-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Кредитордун карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызы ар кайсы шарттар боюнча бириккен карызга негиздениши мүмкүн.

2. Кредиторлор карыз тарапка өздөрүнүн талаптарын бириктирүүгө жана кредитордун бир арызы менен сотко кайрылууга укуктуу. Мындай арызга өз талаптарын бириктирген кредиторлор кол коюшат. Кредиторлор иштин жүргүзүлүшүн кредиторлордун бирине тапшыра алышат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)