27-1-статья. Банкроттук тууралу иштердин сотко караштуулугу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

1-ГЛАВА ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-1-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Банкроттук тууралу иштер карыз тараптын турган жери (жашаган жери) боюнча сотто каралат.

11. Банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн жүрүшүндө кредитор администратордун чечимине даттануу менен сотко кайрылууга же Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине ылайык соттун чечимине даттанууга укуктуу.

12. Администратордун чечимине даттануу, эгерде буга чейин ушул даттануу администраторго жиберилсе, сот тарабынан каралат.

2. Турган жери (жашаган жери) белгисиз болгон карыз тарапка жазылган арыз, анын мүлкү жайгашкан орду боюнча же Кыргыз Республикасында анын акыркы жолу белгилүү болгон турган жери (жашаган жери) боюнча сотко берилет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)