2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Администратор - убактылуу администратор, атайын администратор, тышкы башкаруучу катары чыга турган жана карыз тараптын банкроттук процессин өткөрүүгө жооптуу болгон, ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте дайындалуучу адам.
Активдер - курамына негизги каражаттар, башка узак мөөнөттүү салымдар (материалдык эмес активдер да кошулат), жүгүртүүчү каражаттар, финансылык активдер жана дебитордук береселер кирген мүлк.
Жеке же юридикалык жактын аффилирленген жагы - тикелей же кыйыр түрдө чечимди аныктоого же алар тараптан кабыл алынган чечимге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишим менен бирге) же башка бүтүмдүн күчүнө таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке же юридикалык жак (өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкагында анын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардан башка), ошондой эле ушул аффилирленген жак өзүнө карата ушундай эле укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак болуп эсептелет. Юридикалык жактын аткаруучу кызматтары, анын добуш берүүчү акцияларынын (аманаттарынын, пайларынын) он же андан ашык пайызына (ачык типтеги акционердик коомдор үчүн беш жана андан ашык пайызына) ээ болгон акционер (катышуучу) же ар кандай ишкана да анын аффилирленген жагы деп таанылат.
Жекече ишкердин банкроттугу - сот тартибинде гана жүргүзүлө турган, карыз тараптын - жекече ишкердин кредитордун талабын канааттандыруу максатында жоюлуучу көлөмгө кошулган активдерин алып коюуну жана ажыратууну караган атайын администрациялоо жол-жоболорунун усулу;
Тышкы башкаруучу - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дайындалган администратор, ал реабилитациялоонун бекитилген планына ылайык карыз тарапты реабилитациялоо процедурасын өткөрүүгө жооп берет.
Банкроттук процесси (жол-жобосун) козгоо - карыз тараптын банкроттук процессинин (жол-жобо) башталышына алып келиши мүмкүн болгон, ушул Мыйзамда каралган чараларды (мисалы, карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө сотко арыз берүү) көрүүнү билдирет;
Убактылуу администратор - соттун же кредиторлордун чогулушунун кабыл алынган биротоло чечимине чейин (соттон тышкаркы тартипте банкроттук процессинде) карыз тараптын активдерин сактоо үчүн сотко арыз берүүчүнүн арызы боюнча дайындалган администратор;
Дисквалификация - ушул Мыйзамдын талаптарын бузууга жол беришкен карызкордун жетекчилерин, жоюу комиссиясынын мүчөлөрүн мыйзам актыларында белгиленген тартипте жана анда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жетекчи кызмат орундарын ээлөөсүнө жана/же юридикалык жактарды башкаруу боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруусуна сот тарабынан тыюу салынышы.
(10-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(11-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(12-абзац КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Карыз тарап - төлөөгө жөндөмсүз деп эсептелген же таанылган, юридикалык жак же жекече ишкер адам.
Кошумча жоопкерчилик - карыз тараптын-юридикалык жактын катышуучусуна карата колдонулуучу принцип, ага ылайык катышуучулар карыз тараптын милдеттенмелери боюнча бардык катышуучулар үчүн бирдей болгон карыз тараптын-юридикалык жактын уюштуруу документтеринде аныкталган алар тарабынан кошулган салымдын наркына эселенген өлчөмгө жооп берет.
Карыз тарапка карата таламдаш жактар булар:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карыз тарапка негизги же туунду болуп эсептелген юридикалык жак; карыз тараптын жетекчиси, ошондой эле карыз тараптын директорлор кеңешине (байкоочу кеңешке) кирген адамдар, карыз тараптын коллегиалдуу аткаруучу органы, башкы бухгалтер (бухгалтер), анын ичинде банкроттук процесси козголгонго чейин бир жыл ичинде өз милдеттеринен бошотулгандар.
Карыз тарапка карата таламдаш жактарга, ошондой эле жогоруда аталган жеке жактарга туугандык мамиледеги (күйөөсү/аялы, жогорулаган жана төмөндөгөн багыттагы тууганчылыгы бар эже-сиңди, ага-ини жана алардын жогорулаган жана төмөндөгөн багыттагы жек-жааттары, алардын эже-сиңдилери жана ага-инилери, алардын туугандары) адамдар да кирет.
Ушул Мыйзамда каралган учурларда администраторго, кредиторлорго карата таламдаш адамдар жогоруда каралган тартипте белгиленет.
Арыз берүүчү - ушул Мыйзамда каралган арыздар (даттануулар) менен сотко кайрылууга укуктуу жак.
Банкроттук процессинин сарптоолору - банкроттук жол-жобосу жөнүндө кабарламаларды жарыялоого чыгымдар, соттук чыгымдар, администратордун чыгымдары, администраторго сыйакы, аудиторго сыйакы, ошондой эле анын ичинде администратор карыз тараптын чарбалык ишин улантуу керек деп эсептеген мезгил үчүн карыз тараптын мүмкүн болуучу чыгымдары кирген банкроттук процессин жүргүзүү менен байланышкан зарыл сарптоолор жана башка чыгымдар.
Карыз тарапты банкрот (кудуретсиздик) деп табуу жөнүндө арыз - карыз тарапка карата сот тартибинде банкроттук процессин козгоо жөнүндө карыз тараптын кредиторунун (кредиторлор) жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка адамдардын бул Мыйзамда белгиленген тартипте сотко берген арызын камтыган кайрылуусу.
Жекече ишкер - Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты түзбөстөн эле ишкердик жумуштарды жүзөгө ашырып жаткан адам, ал ушул Мыйзамга ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылышы жана банкроттук процесске дуушар болушу мүмкүн.
Кредиторлордун комитети - кредиторлордун чогулушу ыйгарым укук берген ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык өзүнүн ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу орган.
Кредитор - ыйгарым укуктуу органдар катарында кыргыз жана чет өлкөлүк юридикалык жактарды жана жеке жактарды, ошондой эле Кыргыз Республикасын камтыган карыз тараптан анын милдеттенмелерин: мүлктү өткөрүп берүүнү, иштерди аткарууну, акча төлөөнү жана башкаларды аткарууну талап кылууга укуктуу жак.
Жоюу - атайын администрациялоо процедурасынын ыкмасы, анда кредиторлордун талаптарын алардын кезектүүлүгүнө ылайык канааттандыруу максатында карыз тараптын жоюучу көлөмгө кошулган юридикалык жактын бардык активдерин алып коюу жана ээликтен ажыратуу каралат.
Жоюлуучу масса - ушул Мыйзамдын 86-статьясында каралган мүлктү кошпогондо, кредиторлордун талаптарын канааттандырууну камсыз кылуу боюнча сатуу үчүн арналган карыз тараптын активдери.
Жарашуулар - карыз тараптын милдеттенмени аткарышы жөнүндө карыз тарап менен кредитордун ортосундагы макулдашууну караган банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жобо, ал сот тарабынан жактырылгандан кийин башка кредиторлордун аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
Банкроттук процессинин башталышы - карыз тарапты банкрот деп табуу (жарыялоо) жөнүндө сот, кредиторлор жыйналышы чечим кабыл алган жана атайын администратор дайындоо менен атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзгөн учур.
Активдердин жетишсиздиги - сот чыгымдарын, атайын администраторго сыйакы төлөөгө чыгымдарды, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган банкроттук процесси менен байланышкан башка сарптоолорду жабуу үчүн активдердин (күрөө буюмзаты болуп саналган активдерди чыгарып салгандан кийин) жетиштүү санынын жоктугу менен мүнөздөлгөн карыз тараптын финансылык абалы.
Милдеттүү төлөөлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда тийиштүү деңгээлдеги бюджетке жана бюджеттен тышкары фондуларга төлөнүүчү салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү салымдар.
Чектелген жоопкерчилик - карыз - юридикалык жактын катышуучусуна карауа колдонулуучу принцип, ага ылайык карыз тараптын катышуучулары анын милдеттенмеси боюнча жооп бербейт жана салымдардын (акциялар) наркынын чектеринде карыз тараптын иш-аракеттерине байланышкан чыгымдардын тобокелдигин тартат.
Пассивдер - заемдук жана ишке тартылган каражаттардан турган милдеттенмелер буга кредиторлук береселер да кирет, (субвенциялар, дотациялар, өздүк каражаттар жана башка булактар кирбейт).
Толук жоопкерчилик - карыз - юридикалык жактын катышуучуларына карата колдонулуучу принцип, ага ылайык карыз тараптын катышуучулары карыз тараптын уюштуруу документтеринин негизинде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аларга карыз тараптын милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык болгон бардык мүлк менен жоопкерчилик тартат.
Ишкана - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 33-статьясында каралган түшүнүккө ылайык келген мүлктүк комплекс.
Банкроттук процессин токтото туруу - сот тарабынан карыз тарапка карата банкроттук процессин белгисиз мөөнөткө токтотуу.
Банкроттук процесси - ушул Мыйзамда каралган процедуралар түрүндө карыз тарапка карата колдонулуучу процесс.
Реабилитация - карыз тараптын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жобо. Реабилитация карыз - юридикалык жакка карата соттук же соттук эмес тартипте жана карыз - жекече ишкерге карата соттук гана тартипте жүргүзүлөт.
Реструктуризация - атайын администрациялоо процедурасынын ыкмасы, ал кредиторлордун кызыкчылыктары үчүн кийин сатуу үчүн карыз тараптын активдеринин базасында жаңы бир же бир нече жаңы юридикалык жактарды түзүүнү жана карыз - юридикалык жакты жоюуну карайт.
Жетекчи - юридикалык жакты башкаруу үчүн белгиленген тартипте дайындалган адам (директор, башкарма мүчөсү, менеджер, башкаруучу жана башка, анын ичинде орун басарлар, жетекчинин милдетин убактылуу аткарышкан адамдар).
Санация - банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жобо ал финансылык, экономикалык же уюштуруу мүнөзүндөгү чараларды колдонуу менен карыз тарапты чарбалык жактан жакшыртууну карайт. Ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде бардык кредиторлордун талаптарын канааттандырууну карайт.
Атайын администрациялоо - карыз тарапка карата колдонулуучу банкроттук процессинин жол-жобосу. Карыз - юридикалык жакка карата атайын администрациялоо соттук же соттон тышкаркы тартипте, карыз - жекече ишкерге карата соттук гана тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. Атайын администрациялоонун усулдары юридикалык жакты жоюу же реструктуризациялоо жана жекече ишкердин банкроттугу болуп саналат. Атайын администраторду дайындоону, жоюлуучу көлөмгө киргизилген карыз тараптын активдерин кредиторлордун таламдарындагы үчүнчү жактарга сатууну (ажыратууну) жана юридикалык жакты же жекече ишкердин ээлик кылуу ишмердигин жүргүзүшүн токтотууну карайт.
Атайын администратор (жоючу) - ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте дайындалган жана карыз тарапты атайын администрациялоону өткөрүүгө жооптуу администратор.
Катышуучу - карыз тарапка карата милдеттенме укугу, болбосо менчик укугу, же анын мүлкүнө башка мүлктүк укугу бар жеке же юридикалык жак (мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга жана юридикалык жактарга карата мамлекеттик мүлктү башкаруу тартуу боюнча мамлекеттик органынын атынан Кыргыз Республикасын; уюштуруучуларды, акционерлерди, мүчөлөрдү жана башкаларды кошо алганда).
Юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 83-статьясында каралган белгилери бар, төлөөгө жөндөмсүз деп таанылышы (жарыяланышы) банкроттук процесске дуушар болушу мүмкүн болгон уюм.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2005-жылдын 4-июлундагы № 96, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)