123-1-статья. Жоюлуучу массага кирген активдерди сатуу
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
13-ГЛАВА АЙЫЛ ЧАРБА (ФЕРМЕРДИК, ДЫЙКАН) ӨНДҮРҮШҮНДӨ ИШТЕГЕН ЖАКТАРДЫН БАНКРОТТУГУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-1-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
1. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тараптын активдерин сатуу карыз тараптын активдерин бирдиктүү лот менен коюу жолу менен тооруктарда жүзөгө ашырууга тийиш.
2. Эгерде тоорук болбой калган же болбосо катышуучулардын бири дагы бирдиктүү лотту сатып албаган учурда, андан аркы сатуу өзүнчө лоттор боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)