107-статья. Тынышуу келишиминин мазмуну


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

10-ГЛАВА ТЫНЫШУУ КЕЛИШИМИ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 107-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Тынышуу келишими карыз тараптын милдеттенмелеринин өлчөмү, аткаруу мөөнөтү жана тартиби жана (же) карыз тараптын милдеттенмелеринин карызды кечирүү, кечирүү акысын төлөө, милдеттенмени жаңыртуу жолу менен же болбосо граждандык мыйзамдар тарабынан каралган башка ыкмалар менен токтотулушу жөнүндө жоболорду камтууга тийиш;

2. Тынышуу келишими төмөнкү жоболорду камтышы мүмкүн:

1) милдеттенмелерди аткарууну кийинкиге калтыруу же аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө;

2) карызды азайтуу жөнүндө;

3) карыз тараптын талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө;

4) карыз тараптын милдеттенмелерин үчүнчү тараптын аткарышы жөнүндө;

5) (алынып салынган)

6) кредиторлордун талаптарын мыйзамдарга каршы келбеген башка ыкмалар менен канааттандыруу жөнүндө.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)