103-статья. Тышкы башкаруучу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
1. Тышкы башкаруучу реабилитация ишинин жүрүшүндө карыз тараптын бирден бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Реабилитация планын ишке ашыруу анын негизги милдети болуп саналат.
2. Эгерде ушул бөлүм жана реабилитация планы тарабынан башкача каралбаса, тышкы башкаруучу атайын администратордун укуктарынан жана милдеттеринен пайдаланат.
3. Тышкы башкаруучуга сыйлык берүү ушул Мыйзамдын 73-1-статьясынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Тышкы башкаруучу реестрге зарыл маалыматты киргизүү үчүн карыз тарапты реабилитациялоо ишинин жүргүзүлүшү жөнүндө каттоочу органга билдирүүгө милдеттүү.
5. Реабилитация планында башкача каралбаса, тышкы башкаруучу дайындалган учурдан тартып карыз тараптын жетекчилери менен катышуучуларынын ыйгарым укугу токтотулат.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)