102-статья. Кредиторлордун чогулушунун чечими


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

9-ГЛАВА РЕАБИЛИТАЦИЯ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 102-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Кредиторлор биринчи чогулушта:

1) реабилитация планын кабыл алууну жана зарыл учурда убактылуу башкаруучуну дайындоону;

2) планга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнү жана аны карыз тарапка сунуш кылууну, ал өзгөртүлгөн планды календарлык 14 күндүн ичинде кабыл алууга же четке кагууга тийиш. Карыз тарап өзгөртүлгөн планды четке какса, анда реабилитация иши ушул

Мыйзамга ылайык атайын администрациялоо ишине айландырылышы мүмкүн;

3) зарыл учурда өзүнүн чечимин календарлык 14 күндөн ашпаган мөөнөткө калтыра турууну. Бул мөөнөт өткөндөн кийин экинчи чогулуш чакырылат;

4) реабилитация планын четке кагууну;

5) реабилитация планын четке кагууну жана атайын администрациялоо ишин козгоону чече алат.

2. Сот катышпаган тартипте реабилитациялоо жол-жобосун өткөрүү тууралу маселе боюнча чечим чогулушка катышкан бардык кредиторлор жана карыз тарап ага бир добуштан добуш берген учурда кабыл алынды деп эсептелет. Андай болбосо реабилитациялоо жол-жобосу соттун катышуусу менен гана өткөрүлүүгө тийиш.

Кредиторлордун биринчи же кийинки каалаган чогулушунун башка маселелер боюнча чечими эгерде ал үчүн карыз тараптын чогулушка катышкандарга таандык карызынын суммасынын 60 же андан ашык процентине талапкер болгон кредиторлор добуш берсе, кабыл алынган болуп саналат.

Чогулушка катышпагандарга таандык карыздын суммасы мааниге ээ болбойт.

3. Кредиторлор ушул Мыйзамга ылайык кредиторлор комитетин түзүүгө укуктуу.

4. Ар кандай гана кредитор же карыз тарап кредиторлор чогулушунун чечимине сотко календарлык 7 күндүн ичинде даттанууга укуктуу. Мындай учурда арыз ээси арызга реабилитация планынын текстин, кредиторлор чогулушунун протоколун жана эгерде ал болсо: реабилитация планына каршы болгон башка кызыккан тараптардын жазуу түрүндөгү каршылыктарын тиркөөгө тийиш.

5. Кредиторлордун андан кийинки чогулуштарын чакыруу тышкы башкаруучу (эгерде ал шайланса), карыз тараптын катышуучулары же карыздын жалпы суммасынын 20 же андан ашык процентин талап кылган кредиторлор тарабынан козголушу мүмкүн. Кийинки чогулуштар планды өзгөртүү, реабилитация ишин атайын администрациялоого айландыруу үчүн же башка мыйзамдуу себептер боюнча чакырылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)