11-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

2-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеси, 17.07.2026 редакциясы.

1. Кызматчылардын ишин баалоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугунун даражасын жана карьералык өсүшүнүн келечегин аныктоону билдирет.

2. (КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Баалоо жүргүзүүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)