Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

11.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

8-глава. Кызматкердин жумуш убактысы жана эс алуу убактысы, эмгекке убактылуу жарамсыздыгы

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренеси, 11.06.2026 редакциясы.

1. Окуу жайларында жана чет мамлекеттердин ушундай окуу жайларында, анын ичинде кесиптик окуу жайларда окуп жаткан кызматкерге билим алуу үчүн окуу өргүүсү берилет.

2. Окуу жайларында сырттан билим алып окуп жаткан кызматкерге экзамендерди тапшыруу мезгилинде окуу өргүүсү берилет, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт.