541-берене. Соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн шарттары жана тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
XV БӨЛҮМ›61-глава. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн өткөрүп берүү
1. Кыргыз Республикасында соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүгө аталган адам эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп бүткөнгө чейин, соттолгон адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн же жакын туугандарынын, жубайынын өтүнүчү боюнча, ошондой эле соттолгон адамдын макулдугу менен тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын өтүнүчү боюнча жол берилет.
Эгерде соттолгон адам жаш курагынан, дене-бойлук же психикалык абалынан улам өз эркин ыктыярдуу түрдө билдире албаса, аны өткөрүп берүү анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
2. Өткөрүп берүү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана Башкы прокурордун же анын орун басарларынын чечими боюнча жүргүзүлөт, алар болуп өткөн өткөрүп берүү жөнүндө өкүм чыгарган сотко билдирет.